Публикациялар

1-октябрдан «Нөлдүк отчетторду авто-жөнөтүү» кызматы жеткиликтүү

pic

«DosTek group» компаниясы өзүнүн бардык кардарларына үстүбүздөгу жылдын 1-октябрынан СОчИ системасы аркылуу нөлдүк отчетторду автоматтык түрдө түзүп, жөнөтүү кызматына кошулуу мүмкүнчүлүгү пайда болгонун кабарлайт.

СОчИ системасын отчетторун мамлекеттик органдарга нөлдүк көрсөткүчтөрү менен тапшыруу үчүн колдонуучу компаниялар жана жеке ишкерлер, бул кызматка бир айдан чексиз мөөнөткө чейинки мезгилге өз алдынча кошула алат. Кызматка кошулуу боюнча колдонмо биздин сайттын “Колдонмолор” бөлүмүндөгу “СОчИде иштөө” бөлүкчөсүндө жайгашкан.

Кызматка кошулган шартта, ар бир айдын 9-, 14- жана 20-күнүндө, система, тапшыруу мөөнөтүнө жараша, отчетторду автоматтык түрдө түзүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтөт.

Кызматка кошулган отчеттордун санына карабастан, айлык баасы – 120 сом. Кызматтын төлөмү колдонуучунун балансынан, автоматтык режимге кошулган отчеттордун, айдагы биринчи жөнөтүлүшүндө алынат. 

Эскертүү: кызмат ЭСККсун RuToken корголгон эс тутумунда сактаган колдонуучулар үчүн жеткиликсиз.

29.10.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...