«DosTek group» компаниясы СОчИ системасынын бардык колдонуучуларына, үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында КР Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында жаңы отчеттук формалар жарыяланганын кабарлайт. Алар сатуудан алынган салык боюнча берилүүчү FORM STI 075 отчетунун ордуна FORM STI 129, FORM STI 130, FORM STI 131 формалары, киреше салыгы боюнча берилүүчү FORM STI 080 отчетунун ордуна FORM STI 132, FORM STI 133, FORM STI 134 формалары жана роялти боюнча тапшырылуучу FORM STI 105 отчетунун ордуна FORM STI 135, FORM STI 136, FORM STI 137 формалары.
Аталган жаңы отчеттук формалар отчеттук мезгилдин ортосунда, алдын ала маалымдалбастан жарыяланганына байланыштуу, «DosTek group» компаниясы бул күтүлбөгөн жагдайды форсмажордук кырдаалга теңейт жана аталган отчеттулукту тапшыруучу компанияларга үстүбүздөгү отчеттук мезгилде СОчИ системасында бар айлык жана кварталдык формалар боюнча отчет тапшырууну сунуштайт.
Эгер СОчИ системасындагы формалар аркылуу тапшырылган отчеттор боюнча кардарлар менен КР МСК ортосунда көйгөйлөр болгон учурларда, «DosTek group» кардарларды колдоо жана алардын кызыкчылыгын аталган мамалекеттик органда жактоо боюнча иш жүргүзөөрүн маалымдайт.
КР МСК расмий сайтында жарыяланган үлгүдөгү жаңы отчеттук формалар СОчИ системасында 2015-жылдын 1-ноябрынан пайда болот.
14.10.2015 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...