«DosTek group» компаниясы кызматтарга төлөөнүн дагы бир ыкмасы пайда болгонун билдирет. 2015-жылдын 29-сентябрынан баштап компаниянын ар бир кардары СОчИ системасындагы өзүнүн балансын «UMAI» терминалдары аркылуу толтурууга мүмкүнчүлүк алды.
Бул тармактын терминалдарын Сиз Бишкек шаарынын ири соода борборлорунан, кафе жана ресторандарынан таба аласыз. Терминалдар башка төлөө системаларынан өзгөчөлөнүп, “Акча кайрып берүү” опциясы менен жабдылган. «UMAI» терминалдары аркылуу СОчИ системасындагы балансыңызды толтурууда, төлөмдүн комиссиясы 500 сомго чейинки суммага – 5 сомду, ал эми 500 сомдон ашык суммага – 10 сомду түзөт.
Биздин сайттын Колдонмолор бөлүмүндө «UMAI терминалдары аркылуу балансты толтуруу боюнча колдонмо» пайда болду.
Кийинки шилтеме аркылуу Бишкек шаарындагы терминалдардын картасы бар.
29.09.2015 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...