Өндүрүүчүнүн чыгаруучу бааларынын жогорулашына байланыштуу, «DosTek group» компаниясынын Администрациясы 2015-жылдын 1-октябрынан ЭСККнун (электрондук-санариптик кол коюу) бардык түрлөрүнө баалардын өзгөрүүсү тууралуу жарыялайт. Компаниянын Администрациясы кардарлардан бул кызматтардын бааларына киргизилген өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасоону суранат, анткени акыркы 5 жылдын ичинде компания тарабынан аларды бир деңгээлде кармоого көп аракеттер жасалып, тарифтер 2010-жылдан бери жогорулаган эмес.
Жетекчинин жылдык ЭСККсунун баасы 1465 сомду, ал эми башкы (ыйгарымдуу) бухгалтердин жылдык ЭСККсу 970 сомду түзөт.
Ошондой эле, салык өкүлдөрү жана бухгалтердик компаниялар үчүн жылдык комплекстүү ЭСККнун баасы, тейлөөчү ишканаларына жараша, төмөнкүдөй бекитилди:
- 5 компанияга чейин – 1750 сом;
- 6дан 10 компанияга чейин – 1950 сом;
- 11 компаниядан ашык – 2000 сом.
Жогоруда аталган баалар 2015-жылдын 1-октябрынан күчүнө кирээрин эскертебиз.
28.09.2015 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...