Публикациялар

«Нөлдүк отчетторду автоматтык түрдө тапшыруу» жаңы кызматы 1-октябрдан жеткиликтүү болот

pic

«DosTek group» компаниясы өзүнүн бардык кардарларына, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан СОчИ системасы аркылуу нөлдүк отчетторду автоматтык түрдө түзүү жана жөнөтүү кызматына кошулуу мүмкүнчүлүгү пайда болоорун маалымдайт.

СОчИ системасын нөлдүк көрсөткүчтөрү бар отчетторду жөнөтүү үчүн колдонгон компаниялар жана жеке ишкерлер аталган кызматка 1 айдан чексиз убакытка чейинки мөөнөткө кошула алышат.

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан СОчИ системасынын ар бир колдонуучусунун жеке кабинетинде “Опции” жаңы бөлүмү пайда болот. Бул бөлүмдө колдонуучу каалаган сандагы отчетторду өз алдынча автоматтык түрдө жөнөтүү режимине кошо алат. Ошондой эле, жөнөтүү параметрлерин башкаруу жана жөнөтүлгөн отчеттордун статистикасын көрүү мүмкүнчүлүгү бар.

Кызмат кошулгандан кийин, ар бир айдын 9- жана 14-күнүндө отчеттор система тарабынан түзүлүп, тийиштүү мамалекеттик органдарга жөнөтүлүп турат.

Кызматка кошулган отчеттордун санына карабастан, айлык баасы – 120 сом. Кызматтын төлөмү колдонуучунун балансынан, автоматтык режимге кошулган отчеттордун, айдагы биринчи жөнөтүлүшүндө алынат. «Нөлдүк отчетторду автоматтык түрдө тапшыруу» кызматын кошкондо, кызматтын төлөмүнөн тышкары отчеттук формалардын баасы жана ЭСККну булутта сактоонун  (булутта сактоону колдонгондор үчүн) төлөмдөрү баланстан алынат. 

28.09.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...