Үстүбүздөгу жылдын 7-сентябрынан ЭСККну булутта сактоо кызматы жаңы режимде иштеп баштагандыгына байланыштуу, колдонуучулардын балансынан аталган кызматты колдонуу үчүн каражаттарды эсептен чыгаруу тартибинде бир аз өзгөрүүлөр болду.
Эми, баланстагы эсептен чыгаруу кардардын айдагы биринчи отчетту (отчеттун түрүнө жана жөнөтүлүүчү органга карабастан) жөнөтүү мезгилинде жүргүзүлөт. Мисалы, эгер колдонуучу кандайдыр бир отчетту жүрүп жаткан айда биринчи жолу тапшырса, анын балансынан отчеттун суммасы жана булутта сактоо кызматынын суммасы чогуу эсептен чыгарылат. Эгер ал мезгилде колдонуучунун балансында бардык сумманы камтыганга жетишээрлик каражат болбосо, жөнөтүлгөн отчет архивге түшүп, “Ожидает оплаты” статусунда болот. Эгер баланстагы каражат жетишээрлик болсо, отчет “Ожидает проверки в К/П” статусу менен архивге жайгаштырылат. Эки ЭСККну колдонгондор үчүн: эгер отчет бухгалтердин ролунда жөнөтүлсө, ал архивде “Ожидает проверки руководителем” статусунда, ал эми жетекчинин ролунда жөнөтүлсө – “Ожидает проверки бухгалтером” статусунда болот.
Ошол эле айдын ичинде кийинки отчетту жөнөтүүдө, колдонуучунун балансынан отчеттун суммасы гана эсептен чыгарылат.
Эгер бир айдын ичинде колдонуучу тарабынан бир да отчет жөнөтүлбөсө, булутта сактоо кызматынын төлөмү ал ай үчүн эсептен чыгарылбайт.
07.09.2015 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...