Публикациялар

Көчүүгө байланыштуу «DosTek group»тун иштөө тартибинде өзгөрүүлөр болот

pic

«DosTek group» компаниясы өзүнүн бардык кардарларына маалымдайт: кеңсенин жаңы дарекке көчүүсүнө жана жабдууларды орнотууга байланыштуу 28-августтан 1-сентябрга чейин кардарларды тейлөө (каттоо, кайра каттоо) жана техникалык колдоо көрсөтүү боюнча түшкөн буйрутмаларды иштеп чыгуу убактылуу токтотулат. 28-августтан 1-сентябрга чейин кардарларга  техникалык колдоо көрсөтүүнү боюнча түшкөн бардык буйрутмалар, 2-сентябрь күнү иштелип чыгат.

СОчИ системасы жогоруда аталган күндөрү өзүнүн кадимки режиминде (1 сентябрь күнүндөгү техникалык иштерден тышкары) – танаписсиз жана дем алышсыз иштейт.

Компаниянын чалуу борборунун иш графигинде өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Кайрылууларды кабыл алуу, кадимки режимде, саат 9.00дөн 17.30га чейин (29-31-августтагы дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары) жүргүзүлөт. Чалуу борборунун 0312 960 888 номери өзгөрүүсүз калды.

«DosTek group» компаниясынын жаңы кеңсесинин дареги: Бишкек ш., Коенкөзов көч. үй № 8 (Бөкөнбаев көч. менен кесилишине жакын). Кеңсенин жайгашуусун кийинки шилтеме аркылуу Кеңсеге келүү жолунан көрүүгө болот. Мындан ары, кеңсеге келүү картасы биздин сайттын төмөн жагында жайгашат. Компаниянын кеңсеси Логвиненко көч., 27 дарегинде 27-августка чейин (кошумча) болот.

Бардык кардарлардан кеңсеге келүүнү аталган графиктин эсеби менен пландаштырууну суранабыз.

25.08.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...