«DosTek group» компаниясы киреше салыгы (FORM STI-080), роялти боюнча (FORM STI-105) жана сатуудан алынган салык (FORM STI-105) боюнча отчет тапшырган СОчИ системасынын колдонуучуларына эскертет: 2015-жылдын 1-июлунан “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык (2015-ж. 15-майы, № 96), кичи жана орто бизнестин субъектилери жогоруда аталган отчетторду кварталдык мезгилдүүлүктө тапшырууга өткөрүлгөн.
СОчИ системасында отчеттулукту тапшыруунун мезгилдүүлүгүн чектөө мүмкүнчүлүгү жок, б.а. СОчИ системасы аркылуу жогоруда айтылган отчетторду тапшыруунун алдында салык төлөөчү өз ишмердүулүгүнүн категориясын жана отчетторунун мезгилдүүлүгүн өз алдынча аныктоосу зарыл. Өз категориясын (кичи, орто же ири бизнес) аныктаган соң гана, тапшырылуучу отчетторунун езгилдүүлүгү жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн, МСК катталган райондук башкармалыктарына кайрылууну суранабыз.
19.08.2015 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...