Публикациялар

2015-ж. 1-сентябрынан отчетторду жөнөтүүдө 2 ЭСККну колдонуу режими күчүнө кирет

pic

“DosTek group” компаниясы 2 ЭСКК (жетекчи жана бухгалтер) колдонгон кардарларга эскертет: отчеттулукту кабыл алуудагы мамлекеттик органдардын талаптарына ылайык жана системада жасалган иш аракеттери үчүн ЭСКК ээлеринин бирдей жоопкерчилигин сактоо максатында,  үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан СОчИ системасында отчетторду жөнөтүү параметрлери бир аз өзгөрүүлөргө учурайт.

Тагыраак айтканда, системада отчеттор кандай ролдо (жетекчи, бухгалтер) жөнөтүлсө да, экинчи кол коюусуз анык деп эсептелбейт. Мисалы, бухгалтер ролунда жөнөтүлгөн отчет, жетекчинин ЭСККсусуз мамлекеттик органга жеткирилбейт, ошондой эле жетекчинин ролунда жөнөтүлгөн отчет бухгалтердин ЭСККсу коюлбаса багытталган органга жетпейт.

Отчет бухгалтер тарабынан түзүлүп, мамлекеттик органга жөнөтүлсө, автоматтык түрдө жетекчинин жеке кабинетиндеги "Отчеты на подпись" бөлүмүнө келип түшөт. Эгер отчет жетекчи тарабынан түзүлүп, мамлекеттик органга жөнөтүлсө, автоматтык түрдө бухгалтердин жеке кабинетиндеги "Отчеты на подпись" бөлүмүнө (бул бөлүм 1-сентябрдан баштап пайда болот) келип түшөт. Документке кол коюу үчүн аталган бөлүмгө кирип, отчетту ачып, текшергенден кийин, "Подписать" баскычын басуу керек.

Экинчи тактоочу ЭСККсу жок отчеттор, документ толук кол коюлганга чейин “жетекчинин колун күтүүдө” же “бухгалтердин колун күтүүдө” статусу менен архивде жайгашат.

Эки ЭСКК колдонгон бардык кардарлардан СОчИ системасындагы жогоруда аталган өзгөрүүлөрду эске алуусун суранабыз.  

19.08.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...