Публикациялар

СОчИде стат.отчеттулуктун мөөнөттөрү боюнча чектөөлөр алынат

pic

«DosTek group» компаниясы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан СОчИ системасында стат.отчеттулуктун тапшыруу мөөнөттөрү боюнча бардык чектөөлөр алынаарына кардарлардын көңүлүн бурат.

СОчИ системасындагы отчеттулукту түзүп, КР Улуттук статистика комитетине жөнөтүү бөлүмүндө жүргүзүлгөн бул өзгөрүүлөр кардарлардын суранычы боюнча жасалып жатат. Эми ар бир отчеттук формада, мурункудай эле, http://www.stat.kg КР УСКнин расмий сайтында жайгашкан маалыматка ылайык отчеттулукту тапшыруу мөөнөтү көрсөтүлөт. Бирок системада бардык чектөөлөр алынгандыктан, статистикалык отчеттулукту көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийинки убакытта да түзүп, тапшыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Статистикалык отчеттулукту СОчИ системасы аркылуу көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин жөнөтүлгөн жагдайларда, анын натыйжасында келип чыккан кесепеттердин жоопкерчилиги толугу менен отчет тапшырган компанияга жүктөлөт. 

18.08.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...