“DosTek group” компаниясы эки ЭСКК (жетекчи жана бухгалтер) колдонгон кардарларга маалымдайт: мамлекеттик органдардын талаптарына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан СОчИ системасында отчетторду жөнөтүү параметрлери бир аз өзгөрүүлөргө учурайт.
Тагыраак айтканда, системада отчеттор кандай ролдо (жетекчи, бухгалтер) жөнөтүлсө да, экинчи кол коюусуз анык деп эсептелбейт. Мисалы, бухгалтер ролунда жөнөтүлгөн отчет, жетекчинин ЭСККсусуз мамлекеттик органга жеткирилбейт, ошондой эле жетекчинин ролунда жөнөтүлгөн отчет бухгалтердин ЭСККсу коюлбаса багытталган органга жетпейт.
Экинчи тактоочу ЭСККсу жок отчеттор, документ толук кол коюлганга чейин “жетекчинин колун күтүүдө” же “бухгалтердин колун күтүүдө” статусу менен архивде жайгашат.
Эки ЭСКК колдонгон бардык кардарлардан СОчИ системасындагы жогоруда аталган өзгөрүүлөрду эске алуусун суранабыз.
03.08.2015 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...