Публикациялар

СОчИде “Нөлдүк отчетторду авто-тапшыруу” жаңы кызматы пайда болот

pic

«DosTek group» компаниясы өзүнүн бардык кардарларына, жакында СОчИ системасы аркылуу нөлдүк отчетторду автоматтык түрдө тапшырууга мүмкүнчүлүк берген жаңы долбоордун ачылышы жөнүндө кабарлайт. 

Эгер, буга чейин СОчИ системасын колдонуу менен мамлекеттик органдарга барбастан отчетторду  электрондук түрдө тапшырып, кезек күтүү менен бюрократиялык тоскоолдуктар жөнүндө унутуу мүмкүн болсо, “Нөлдүк отчетторду автоматтык түрдө тапшыруу” кызматын колдонууда отчетторду түзүү жана жөнөтүү үчүн системага кирүүнүн да кереги жок. Белгиленген күну система отчетторду өзү түзүп, өзү жөнөтөт.

Нөлдүк отчетторду тапшыруучу компаниялар бул кызматты 1 айдан 12 айга чейинки өзүнө ыңгайлуу  мөөнөткө иштете алат жана каалаган убакытта кызматты өчүрүп койсо болот. Кызматты колдонууда кардар үчүн эң башкы эреже – тарификацияга жараша балансын өз убагында толуктап туруу. 

Кардар “Нөлдүк отчетторду автоматтык түрдө тапшыруу” кызматына каалаган өлчөмдөгу  отчетторун кошо алат. Жаңы кызматтын ишке киришүүсү үстүбүздөгу жылдын күзүнө пландаштырылат. 

27.07.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...