2015-жылдын 19-мартына караштуу Кыргыз Республикасынын ““Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү” Мыйзамына ылайыктуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептөө, төлөнүү тартибине жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча тапшырылуучу отчеттулукка кийинки өзгөртүүлөр киргизилди:
1. Жогоруда аталган КР Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна ылайыктуу, жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөнүн жөнөкөйлөнгөн системасы боюнча бирдиктүү салык же салык келишиминин негизинде патент сатып алуу жолу менен салык төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык майананын 10 пайызынын көлөмүндө орнотулат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүргүзүлөт.
2. Жогоруда аталган КР Мыйзамынын 7-беренесинин 4-пунктуна ылайыктуу, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүү аркылуу киреше алган жеке ишкерлер жана жеке жактар, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөмүн ай сайын орточо айлык майананын 10 пайызынын көлөмүндө жүргүзүп турушат.
3. Жогоруда аталган КР Мыйзамынын 7-беренесинин 4-пунктуна ылайыктуу, юридикалык жакты түзбөстөн иш алып баруучу, алынган лицензиялардын негизинде иштөөчү жана гонорар (эмгек акы) алуучу жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөмүн орточо айлык майананын 10 пайызынын көлөмүндө жүргүзүп турушат.
Жалданма эмгектин негизинде иш алып баруучу жеке ишкерлер, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептөө ведомостун өзүнүн жумушчуларына гана, бекитилген тартипте тапшырышат.
Жогоруда аталган маалымат боюнча кийинки телефондорго кайрылсаңыздар болот:
КР Социалдык Фондунун тарифтик саясат бөлүмү - 0312 54 37 66
Отчеттулук жана каттоо башкармалыгы – 0312 54 34 75.
07.05.2015 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...