ЭКТны коопсуз сактоо

Биз өзүбүздүн кардарларыбызга КЭКти сактоо каражатынын 2 түрүн сунуштайбыз: «E-Cloud» булуттагы сактагычын (Булут) жана «RuToken 64k» эс тутумун (Рутокен).

Булут деген эмне?

E-Cloud (Булут) – КЭКти атайын корголгон контейнерде сактоочу булуттагы сервис. Бул сервис, VipNet технологиясына ылайык маалыматты коргоо жана сактоо сертификацияланган криптографиялык каражаттарынын негизинде аткарылып, коопсуздук стандарттарына толугу менен жооп берген кыргызстандык программисттердин инновациялык автордук иштелмеси болуп эсептелет.

КЭКти Булутта сактоодо, СОчИ системасына компьютерден тышкары, каалаган мобилдик түзүлүштөн (планшет, смартфон ж.б.) кирүүгө болот.

Рутокен деген эмне?

RuToken (Рутокен) – кадимки USB-түзүлүшү түрүндөгу корголгон жеке сактагыч. Ал персоналдык берилмелерди сактоонун бардык Мамлекет аралык стандарттарына ылайык келет. Сактагычка маалыматты жаздырууга жана андагы маалыматты көчүрүп алууга мүмкүн эмес. Рутокенди СОчИ системасында гана эмес, башка электрондук системаларда колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Аны менен бирге, РуТокенди сатып алууда колдонуучу бир гана компьютерге кошумча программалык камсыздоону орнотуп, отчеттуулук системасына ошол гана компьютер аркылуу кире алат, арткени USB-кошулуусу жок каражаттарда сактагычты колдонууга болбойт.